Кыргыздын улуттук тамак ашы
«Кыргыздын улуттук тамак аштары» дасторконуна жайылып, берекелүү, даамдуу жана экологиялык жактан тазалыгы менен башкалардан айырмаланат.
Байыртадан бери кыргыздарда негизинен эт менен сүттөн жасалган тамак-аштын түрү 100дөн ашат. Кыргыздар төө, топоз, жылкы, уй, кой, эчки, жана кайберендердин эттерин жешет, алардан нечен түрдүү тамак-ашты жасашат. Эл ичинде тууралган этке камыр, пияз аралаштырган нарын (бешбармак) сыяктуу сый тамак бар. Тойлордо, мааракелерде жылкынын эти, ич эттери дасторконго кошо коюлат.
Жоокерчилик заманда казатка, салбурунга, алыска жолго чыкканда күл азыктын түрлөрүн алдын ала даярдап алышкан. Непадан жоокерби, жолоочусу болобу, өтө ачка болсо, минген атынын күрөө тамырына түтүк сайып, канын ичкен же бышырып жеген. Кыргыздар малды союп жиликтегенди жана бышырган эттин устукандарын меймандарга жана келгендерге кандайча тартууну мыкты билишет. Кыргыздар койдун, эчкинин, уйдун, топоздун, төөнүн, бээнин сүтүнөн айран, жуурат, сүзмө, курут, быштак жасашат.Алардын көп түрлөрү бар. Айрыкча кыргыздар кымыз ачытып ичкенди өтө жакшы көрүшөт, анын да бир нече түрлөрү бар. Илгерки кыргыздардын кымыздан арак тартканын байыркы кытай жазмаларында айтылат. Илгертен табыптар, бакшылар, бүбүлөр, тамырчылар, дарыгерлер, жаратылыштын миң түркүн өсүмдүктөрүнөн дары-дармек жасашып элди дарылашкан. Жер-жемиштердин мөмөлөрүн тамактын даамын чыгарганга пайдаланышкан.
26- сентябрда кыргыз элинин унутулуп бара жаткан тамак-аштарын изилдөө-иликтөө, жандандыруу максатында жайылган дасторкондун айрым унутулган түрүн кайра эске алуу, алардын жасалышын, сакталышын жаш муундарга түшүндүруу иш чарасы начальный класстардын эжейлери, окуучулары тарабынан откорулду. Анда мин уккандан бир коргон артык дегендей эжейлер корсотуп да беришти .
Комментарии