Мектеп эки окуу корпусунан турат.
Корпус: Дубалы кирпич, эки кабаттуу. 1961-жылы курулган.
Корпус: Дубалы кирпич, эки кабаттуу. 1988-жылы курулган.
Мектептин жалпы аянты-7,5га
Менчиктин түрү- Муниципалдык
Билим берүү уюмунун статусу- Мукай Элебаев атындагы
№10 Талды- Суу жалпы орто билим берүү мектеби
ИНН- 01908200410238
Проект боюнча канча окуучуга ылайыкталган — 650 окуучуга ылайыкталган.
Мукай Элебаев атындагы №10 Талды-Суу жалпы орто билим берүү мектеби – 09.04.2013-жылы юридикадык жактан мамлекеттик кайра каттоо жѳнүндѳ №0005574 каттоо номери менен Ысык-Кѳл облусттук юстиция башкармасы тарабынан катталган.
Юридикадык жактан мамлекеттик кайра каттоо жѳнүндѳгү күбѳлүктүн номери— 96152-3302-У-е
Мектептин директору – Муратова Нурзат Бейшебаевна 0703738324 [email protected]
Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары-Бейшембиева Чолпон Шамбетовна-0707996328 [email protected]
Уюштуруучу- Желденбаева Элмира Кадырбековна- 0706585737
Соцпедагог- Замирбеков Ырысбек Замирбекович 0700817613 [email protected]
Ата-энелер комитетинин торайымы- Мамытов Эрмек Садырбекович- 0708782211
Жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Түп району, Талды-Суу айыл өкмөтү, Талды-Суу айылы. Усупбеков 26
Электрондук дареги:Mukai.elebaev@mail.com
Бардык окуу предметтеринин компоненттери мамлекеттик программанын негизинде камсыздалган. Бардык предметтер базистик окуу планынын негизинде календарлык-тематикалык пландарды пландаштырып, иш алып барылды..
2016- 2017 – окуу жылынан тартып, башталгыч класстар жана 5,6-класстар мамлекеттик стандарттын негизинде предметтик компетенттүүлүк менен окутулууда. 2018-2019-окуу жылында 7-9-класстарда негизги предметтер предметтик стандарт боюнча , 2020-2021-окуу жылында 10-11-класстарга математика, тарых, физика предметтерине предметтик компетенттүүлүк кирген. Билим берүү боюнча коюлган максаттар жана алардын жыйынтыгы стандартка дал келет.
2021-2022-окуу жылы γчγн базистик окуу планы:
КРнын Ѳкмѳтγнγн«Кыргыз Республикасынын мектептеги жалпы билим берγγсγнγнγн мамлекеттик билим берγγ стандарттарын бекитγγ» жѳнγдѳгγ 2014-жылдын 21- июлундагы №403 жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 1995-жылдын 31-сентябрындагы «Билим берγγ мекемелеринин болжолдуу типтγγ штаттарын бекитγγ жѳнγндѳгγ» 1995-жылдын 30- сентябрындагы №404 токтомдоруна ылайык иштелип чыккан.
Базистик окуу планы билим берγγнγ ар бир баскычы γчγн сааттарды бѳлγштγрѳт. Билим берγγнγн ар бир баскычы γчγн жумалык(апталык) окуу жγктѳмγ жана чектелген (жыйынтыкталган) окуу жγктѳмγ Мамлекеттик стандарт боюнча аныкталат.
Окуу программасы Мамлекеттик стандартка дал келет.
Кыргыз тилинде окутуучу жалпы орто билим берүү мектеби үчүн 2021-2022-окуу жылынын базистик окуу планы төмөндөгүдөй болуп 2021-жылы 20-августа №1460/1 «Кут билим» газетасына Билим беруу жана Илим министрлиги тарабынан бекитилип, чыгарылган.
1-класска-20 саат
2-класска-22 саат
3-класска – 24 саат
4-класска-25 саат
5-класска-30 саат
6-класска-30саат
7-класска-30саат
8-класска-30 саат
9-класска-30 саат
10-класска-29саат
11-класска-30саат
Мектеп компоненттери (5,8- класстарда), кызыктар тараптардын талабына ылайык, кыргыз тили предметине болунуп берилди.
1-класстан 4 класс
2-класстан 3 класс
3-класстан 3 класс
4-класстан 4 класс
5-класстан 4 класс
6-класстан 4 класс
7-класстан 4 класс
8-класстан 4 класс
9-класстан 3 класс
10-класстан 2 класс
11-класстан 2 класс
Айрым класста окуучулардын саны 25-30 окуучуну тузду. Базистик окуу планынын тушундурмо катына ылайык орус тили, чет тили, информатика предметтеринен тайпаларга болунуп окутулду.
Жалпы жумалык жуктом -1043 саатты тузду.
Окуу жылынын аягында окуу программасы толугу менен аткарылды.
Окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү
1.Китепканада китеп ресурстары боюнча толук маалыматтар бар.
Окуу-усулдук материалдар: окуу китептери, бардык сабактар боюнча дидактикалык материалдар, справочниктер, энциклопедиялар, физика, химия боюнча маселелер жыйнагы,таблицалар, предметтер боюнча тесттер, сабактар боюнча окуу –усулдук жыйнактары бар.
Мектеп республикадагы 30 инновациялык мектептердин катарына кирет. 2017-2018-окуу жылында 5 лабароториялык кабинет уюшулган. Химия, биология, география, физика, математика кабинеттери. Бул кабинеттерге тиешелүү лабароториялык куралдар АБР тарабынан берилген. Мисалы, физика лабаротрясында приборлор,амперметр, волтьметр, мензурка ж.б. химияда реактивдер, пробиркалар, фарфор идиштери, кислота, щелоч, туз,оксид ж.б, География, Математика, Биология лабароториялары дагы тиешелүү приборлор, препараттар жана методикалык комплекстер менен жабдылган. Ошондой эле 5 лабароториялык кабинетке 5 компьютер принтелери менен камсыз кылынган. Мугалимдер АБР тарабынан уюшулган «Жазгы жана жайкы мектеп» семинарларына катышып келишет. Ошонун негизинде биздин мектептин мугалимдери зоналдык мектептерге стандарттык билим берүү боюнча усулдук кеңештерди берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Инновациялык мектеп катары жыл сайын Координациялык усулдук кеңештин планы(КУК) түзүлүп күз, жаз торчо мектептерге (Кайдуев, Баатырбаев,Темиров) заманбап инновациялык технологияларды, лабароториялык кабинеттерди колдонуу менен ачык сабактарды көрсөтүшөт. Мектеп окуучулары лабароториялык кабинеттерде ар кандай темадагы лабароториялык иштерди, албетте мугалимдин көрсөтмөсү менен эркин иштей алышат. Торчо мектептердин мугалимдери окуучуларын алып келип лабароториялык иштерди жасатып кетишет.
Озун-озу баалоо критерийлери
Жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине, анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу – методикалык адабияттардын фонду) болушуОкуучулардын китеп менен камсыз болушу
Окуучулардын китеп менен камсыз болушу
2017-2018- оку жылында- 85%
2018- 2019-окуу жылында- 86%
2019-2020-окуу жылында-87%
2020-2021- окуу жылында -88%ды түздү.
Мектептин фондуна кошумча болу ата-энелержана демөөрчүлөр тарабынан, ошондой эле жакынкы мектептерден келишин түзүү жолу менен окуу китептерин алып келип камсыздалат. Китепканада жалпы 24785 китеп бар, анын ичинен 14122 – окуу китептери, 9634 – көркөм адабий китептери, 1029- балдар адабий китептерин түзөт. Билим берүү министрлиги тарабынан 128 көркөм адабий китеп, демөөрчүлөр тарабынан 1118 – окуу китептери, «Бир адамдан бир китеп» долбоорунан 1420 китеп чогултулду. Ошондой болсо да окуу китептерибиз методикалык китептер, программалар жетишпейт. Орус класстарынын китептери эскирип азайды. 2022-2023 –окуу жылына жаӊы окуу китептерине заявка өткөрүлдү.
Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушу
Билим берүү уюму тууралуу керектүү маалыматтар сайттарда, инстаграм баракчасында жайгаштырылат. Атайын жооптуу адам иш алып барат. Жетишсиз китептерге табыштама берет. Форум, жыйналыштарда талкууланат. Ата-энелер комитети жергиликтүү кенеш, камкордук кенеш, бюджеттик угуулар колдонулат.
Педагогикалык жамааттын кесиптик денгээлин өнүктүрүү, жамаатташып, ынтымакта жана жемиштүү иштөөгө үндөө.
а)өспүрүмдөрдү мектептеги коомдук иштер менен камсыздоо
б)коомдо бала өз жашоосун өзү жөндөй ала турган жеке өзгөчөлүгүн өстүрүү
в)жоопкерчиликтүү өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо
г)окуучуларды өз оюн тайманбай жеткиликтүү айтууга, оратордук искуствого, мекенчилдикке үйрөтүү.
Календарлык- тематикалык пландын негизинде мугалимдер өндүрүштүк пландарды пландаштырууда окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандыруучумаксаттарды конкреттүү коюшат. Сабактардын максаттарын коюудамугалимдин жана окуучунун иш- аракети айкалышып, күтүлүүчү натйыжа компетенттүү окутуунун жыйынтыгына багытталат.
Календарлык- тематикалык пландар мамлекеттик стандарттын негизинде түзүлүп, окуу бөлүмүнүн башчысы аркылуу текшерилип, директор тарабынан бекитилди.
Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу
1 | Математика |
2 | Орус тили жана адабияты |
3 | Кыргыз тили жана адабияты |
4 | Англис тили |
5 | Физика |
6 | Тарых |
7 | Биология |
8 | География |
«Инновациялык мектеп алкагында» 2019-2020-жылдан бери чыгармачыл мугалимдердин усулдук бирикмесинин тобу иштейт. Бул усулдук бирикменин максаты жаңы инновациялык усулдарды сабактарга колдонуу жана тажрыйбалуу мугалимдердин иш тажрыйбаларын жайылтуу, жаш мугалимдерге методикалык жардам берүү болуп эсептелет. Андан сырткары тестин түрлөрүн компьютер менен алуу, мисалы, Googl сервистери, платформалары (test pad?, Googl test, kahoot) колдонуп тест алышып, крассворд түздүрүп ж.б. логикалык тапшырмаларды окуучулар менен бирдикте иштешүүдө.
Мугалимдердин технологияларды колдонуусуv.
Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушу
Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык-айкын системасынын болушу
Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык-айкын системасынын болушу
Окуу дептерлерин текшеруу жонундо жобо
SECOM NOVA НЦТ тесттеринин жыйынтыктары
Сабакты окуутунун натыйжаларын баалоо, окутуунун максаттары (күтүлүүчү натыйжалары), методдору жана формалары менен тыгыз байланыштуу. Баалоонун максаты – окутуунун фактылык натыйжалары күтүлүүчү натыйжа менен дал келүүсүн аныктоо. Окуучунун окуу ишмердүүлүгүн баалоодо мугалим окутуу усулдары менен формаларына ылайык баалоонун ар түрдүү усулдарын пайдаланат.
Мисалы: өзүн- өзү баалоо, жекече баалоо, топто, жупта баалоо, ж.б жыйынытыктоочу баалоону мугалим коет.
Баалар класстык журналдарга түшүрүлүп, чейректер чыгарылды. Окуучулардын күндөлүктөрүнө, өздүк делолоруна коюлду. Педагогикалык кенеште окуучулардын билим сапатынын мониторингдери каралды.
Ата- энелер жыйналышында окуучулардын жетишкендиктери тааныштырылды.
Жылдын жыйынтыгы менен жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөн окуучулар, райондук администрациянын, айыл өкмөттүн, мектептин Ардак грамоталарына жана «Канышай эне» фонду, «Сулайман Иманбаев», «Уркешова Таарындык» атындагы стипендиялары менен сыйланышат.
Коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу
Коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу
БИИнин кызматкерлери менен жаш өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын, мектеп рэкетинин, зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун жана тартип бузуулардын алдын алуу боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат.
2021-2022-окуу жылынын аякташы менен төмөнкү мугалимдер жана тех персоналдардын балдары Чолпон-Ата шаарындагы «Ала-Тоо», «Улан» жана «Келечек» понсионаттарына барып эс алып келишти.
Алар: Кендирбаев М.Ж, Усупбекова Г.А, Кыдыргычева Г.А, Качкынтаев К.Т.
Окуучулар: Жумакадырова А, Имашова Э, Аалиева А.
М.Элебаев атындагы №10 жалпы билим берүү мектебинде эки даана ишеним кутучасы бар. Окуучулардын мектеп ичиндеги ар кандай укук бузуулардын, зордук-зомбулуктун жана бири-бирине үстөмдүк кылууну ачык жеткизе албагандыктан ишеним кутучасы колдонулат. Ал жумасына бир жолу соц педагог тарабынан текшерилип турат.
Мектепте төмөндөгү ийримдери иштейт.
№ | Ийримдин аталышы | Жетекчиси |
1 | Элдик кол өнөрчүлүк | Технология мугалим Кыркымбаева С.У |
2 | Шоокум | Тарых мугалими Тиленбаева Б.Ж |
3 | Жаш эколог | География мугалими Карабалаева З. Ж |
4 | Манас таануу | Кыргыз тил мугалими Жолочуева А |
5 | Валейбол | Дене тарби мугалим Качкынтаев К. К |
6 | Баскетбол | Дене тарбия мугалими Курманакунов Ж.А |
7 | Шахмат | Технология мугалими Кендирбаев М.Ж |
8 | Жаш техник | Технология мугалими Кендирбаев М.Ж |
Ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын динамикасы
2017-2018-окуу жылынан баштап 2021-2022-окуу жылына чейинки 5 жылдык жалпы билим сапаты: чейректик отчеттор, административдик тесттер, чейректик текшерүү иштери, лабораториялык, практикалык иштер, бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациялоосу, предметтик олимпиадалар, ЖРТ, башка билим борборлору тарабынан жүргүзүлгөн олимпиадалар(Сапат, Билимкана, Улуттук тестирлөө) боюнча жүргүзүлдү.
Кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболорунун болушу
Кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболорунун болушу
Атуулдардын арыздары жана аларды кароого байланышкан документтер (иш номенклатурасы)
Ар жуманын шаршемби күндөрү ата-энелер үчүн «Ачык эшиктер» күнү каралган.
Арыздарды, кайрылууларды каттоо журналы бар.
Мектеп администрациясынын кызыкдар тараптардын кайрылууларын, арыздарын кабыл алуучу иш убактылары бекитилген.
Келип түшкөн кайрылуулар, арыздар журналга катталып, 14 күндүн ичинде каралып, кызыкдар тарапка жооптор берилет.
Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү
Педагогикалык ишке жогорку билими диплом менен тастыкталган жана дал келген квалификациясы бар. Мектептин мугалимдер жамаатынын толукталышы Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинде жана анын уставында бекитилет. Ар бир окуу жылынын башында педагогикалык жамаат, окуутучу- көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналдар мед кароодон өтүшүп, медициналык китепчелерге ишке жарамдуулугу тууралуу уруксаат берилгенден кийин ишке кабыл алынат. Педагогикалык ишке соттолгон, медициналык жактан ишке жарамсыз жаран кабыл алынбайт. Мугалимдердин эмгек келишими Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин негизинде түзүлөт. Педагогикалык окуу жүктөмүнүн көлөмү окуу сеткасына ылайык жана педагогикалык кадрлардын толукталышына ылайык.
Мектепте 62 мугалим эмгектенет. Алардын ичинен 37 класс жетекчи , 1 соц педагог, 1 уюштуруучу иштейт. Жаш мугалим 2, пенсиядагы мугалимдер 19. Мектепте медициналык кызматкерлер, психологдор, логопеддер жок. Учурда иштеп жаткан мугалимдердин ичинен «Билим берүүнүн мыктысы» — 9 мугалим. «Профсоюздун отличниги» — 4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин грамотасы менен 5 мугалим сыйланган.
Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу
Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу
Профилактикалык кенеш
Профсоюздук кенеш
Балдар кенеши
Кыздар кенеши
Өндүрүштүк чогулуш
ϴрт коопсуздугун сактоо боюнча атайын иштелип чыккан №1 Пед кеңешмеде бекитилген, баштапкы профсоюз уюму менен макулдашылган кɵрсɵтмүнүн негизинде иш алып барылат. Мектепте өзгɵчɵ кырдаал учурунда пайдалануучу эвакуациянны планы Түп райондук ϴКМнын башчысы Б. Казакбаев менен макулдашылып, директор тарабынан бекитилген.Эмгекти коргоо боюнча докладдар окулат. Окуу-семинарлары уюштурулуп, инструктаж ɵткɵрүлɵт. Класстык бɵлмɵлɵрдɵ коопсуздук эрежелеринин кɵрсɵтмɵлɵрү жана класстык бɵлмɵнүн температурасын ченɵɵчү термометрлер илинген.
Окуу кабинеттеринин жана башка кабинеттер санитардык – гигиеналык талаптарга жооп берет. Окуу процессин уюштурууда техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча профсоюз комитети менен макулдашылган. Ар бир класста термометрлер илинген. Мектепте коопсуздукту сактоо боюнча жооптуу адамдар бекитилген Окуучулар өзүлөрүн мектептин эрежелерине ылайык үлгүлүү алып жүрүшөт. Окуучулар арасында техникалык коопсуздук эрежелерин сактап, өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча дене тарбия жана аскерге чейинки даярдоо мугалими Кендирбаев М.Ж “Куткаруучулар ”, тобун түзүп, машыгууларды өткөрүп турат. Башталгыч жана жогорку класстарда өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча сабактар өтүлүп, окуучуларга кеңири түшүнүктөр берилип турат. Окуучулар өзгөчө кырдаалдар учурунда кайсы номерге кайрыла тургандыгын билишет.
Купуя кутуча маалыматтарды каттоо
Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушу
Мугалимдердин професионалдык деӊгээли талапка ылайык. Предметтер боюнча мугалимдер жетиштүү, бирок 41% мугалим пенсия курагында. Предметтик мугалимдер курстарга барып, семинар – тренингдерге катышып, өз билимдерин жогорулатып турушат. Газета, журналдарды окуп, интернет булактарын колдонуп, методикалык китептерди колдонуу менен да билимдерин жогорулатышат. Мектепте, атайын мугалимдер үчүн интернети бар компьютердик класс жасалган. Тажрыйба алмашуу максатында райондук, областык деӊгээлдеги семинар – тренингдерге катышышат. Мектеп ичиндеги декадалар, ачык сабактарга жана тегерек столдорго катышышып, методикалык жардам алышат.
Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал) болушу
Билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасы боюнча маалымат
Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптар сакталат:
Өрткө каршы эвакуациялык пландар, өрт калканычы, өрт өчүргүчтөр, аптечкалар бар;
Санитардык эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер камтылган банерлер жеткиликтүү
жерде илинип турат;
Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери профсоюз тарабынан макулдашылып, директор тарабынан бекитилип, ар бир класс кабинетке илинген;
Коопсуздук эрежелери боюнча инструктаж журналы уюштурулган, лекциялар окулуп, угуучулар тарабынан кол тамгалар коюлуп турат;
Физика, химия, информатика, эмгек сабактары өтүлүүчү кабинеттерде атайын журналдар ачылып, окуучуларга коопсуздук эрежелери тааныштырылып, кол тамгалары коюлуп турат;
Эмгекти коргоо боюнча профсоюз иш алып барат.
Пандемия учурунда COVID -19 инфекциясына каршы күрөшүү алгоритм жөнүндөбуйругу чыгарылган. Окуучулардын, педагогикалык жааматтын, кенже персоналдардын ден соолугуна кам көрүү максатында ар бир класста суюк самындар, кагаз кол аарчылар, антисептиктер коюлган. Ар бири антисептик, маска менен камсыз болушкан.
Информатика кабинетиндеги техникалык коопсуздук
Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу
2017-2018 окуу жылында башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берилүү менен башталгыч корпустун имаратына суу киргизилип, ашканага керектүү каражаттар; нан бышыруучу шкаф, электроплитка,камыр жууручу машинка, жашылча тууроочу машиналар Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан сатылып алынган. Мындан тышкары АБР тарабынан физика, химия, биология, география окуу кабинеттери жана лабараториялык кабинеттер жаны типте жасалгаланып, лабараториялык керектелүүчү каражаттар алынып келинди.
2020-2021-окуу жылында Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан
1-корпустун фойесинин актовый залын оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн 1.516 млн. сом бөлүнүп, ремонт толугу менен жүргүзүлдү. Андан сырткары башталгыч класстардын корпусунун чатырын алмаштыруу жана фасадын оңдоо, брусчатка төшөө үчүн 3.088 млн. сом дем берүүчү грант утуп алып, оңдоо иштери толугу менен жасалды. Мектептин 100 жылдыгына карата 3 класс кабинет жана 1-этаждагы оң тараптагы файе мектептин көрүнүктүү мугалимдеринин атын ыйгаруу менен ремонт иштери жүргүзүлдү. Ар бир кабинетке болжол менен 40 000 сомдон сарпталды. Ошондой эле башталгыч класстын бир классына жеке демөөрчү Жумабековдор тарабынан 90 000 сомго парта, стул, доска, мугалимдин стол, стулу белекке берилди.
2021-2022- окуу жылында мектеп 3286000 сом өлчөмүндө Стимгрант (дем берүүчү) утуп алган. Бул акчага мектептин биринчи корпусунун экинчи кабатындагы фойелери шыптары менен жана директордун иш бөлмөсү жасалды.Мындан сырткары мектептин кире беришине кошумча брусчатка төшөлүп, 12 скамейка коюлду. Ушул эле Стимгрант менен 10 очколуу даараткана жасалды.
Ошондой эле Билим Берүү Министрлигинин 1200 мектепти компьютер менен жабдуу программасынын негизинде мектепке 15 компьютердик стол жана стул келди.
Айылдагы демөөрчүлөр тарабынан( 2001-2002 окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү): 2-корпустун кире беришине 140000 сомго чатыр жасашты. Ошондой эле демөөрчүлөр тарабынан (2011-2012) окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү) 47000 сомго экинчи корпуска видео көзөмөл коюшту.
Билим берүү уюмунун ишин жөнгө салуучу бекитилген ички актылардын болушу
Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы №541токтому менен Түп районундагы Талды Суу айылындагы М.Элебаев атындагы № 10 Талды Суу жалпы орто билим берүү мектебинин Уставы бекитилген.
2013-жылы 9- апрелде №0005574 каттоо номери менен Ысык-Кѳл облусттук юстиция башкармасы тарабынан катталган. Юридикадык жактан мамлекеттик кайра каттоо жѳнүндѳгү күбѳлүктүн номери—96152-3302-У-е
Окуучуларга билим берʏʏдɵ билим берʏʏнʏн сапатын камсыздоо боюнча мектепте окутуунун – тарбиялоонун планы иштелип чыгып миссия, максат коюлуп, 2021-жылдын 25-августунда №1 педагогикалык кеӊештин чечими менен бекитилип, Талды- Суу айыл ɵкмɵтʏнʏн башчысы Качаганов Догдурбай Жакыпбаевич менен 2021-жылдын 28- августа макулдашылды. Тʏп райондук билим берʏʏ бɵлʏмʏнʏн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Жумадылова Ажаркул Аманкожоевна менен 2021-жылдын 28-августунда макулдашылган.
Кыргыз тилинде окутуучу жалпы орто билим берүү мектеби үчүн 2021-2022-окуу жылынын базистик окуу планы төмөндөгүдөй болуп 2021-жылы 20-августа №1460/1 «Кут билим» газетасына Билим беруу жана Илим министрлиги тарабынан бекитилип, чыгарылган буйругунун негизинде райондук билим берʏʏ менен макулдашылып, жалпы орто билим берʏʏ окуу планы бекитилди. Билим берʏʏ максаты мамлекеттик стандартка ылайык тʏзʏлгɵн. Окуу жʏктɵмʏ билим берʏʏ программасы боюнча мамлекеттик стандартка ылайык М.Элебаев атындагы №10 Талды — Суу жалпы орто билим берʏʏ мектебинин окуу жʏктɵмʏ райондук билим берʏʏ бɵлʏмʏ тарабы менен макулдашылып, №55 буйрук менен 1043 саат бекитилген. Мектепте 37 класс комплект бекитилген.
15 класс кыргыз тилинде окутулат, 22 класс орус тилинде окутулат. Кыргыз класстардын комплектелишинин орточо толукталышы 118%, орус класстардын орточо толукталышы 107% ти түздү.
-Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 03-сентябрындагы №17 буйругунун негизинде 480 сааттык Мектепке чейинки даярдоо программасы мамлекеттик стандарттын негизинде иш алып барды.
480 сааттык мектепке чейинки даярдоо тайпасында 3 класс ачылган. Бир кыргыз класс, эки орус класс.
Окуу пландын аткарылышы:
480саат-33жумага чейин;
1-класс-33жума
2-4-класстар-34жума
5-11-класстар-экзамен берүү күндѳрүн эсепке алганда -34-36жума
Сабактардын ѳтүү убактысы: 1-класстарга 40 мүнѳт, 2-11-класстарга 45 мүнѳт окутулат. Мектепте 1-2-кезмет менен окутулат. 1-кезметте 8:00дѳн 12:55 чейин, 2-кезмет 13:00дан 18:00га чейин билим алышыт. Окуу жылынын ичинде каникулдардын узактыгы 30 календарлык күндѳн кем эмес. Жайкы каникулдун узактыгы 12 календарлык жуманы түзѳт. 1-класстын окуучулары үчүн 3-чейректе кошумча 1жумалык каникул берилет.
Билим берүү уюмунун бекитилген миссиясынын, кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн жана өзүн-өзү баалоонун ар жылдык жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы пландардын болушу
Миссиясы:
Мектеп ата-энелер инсанга окутууну жана тарбия берүүнү коомдун, мамалекттин кызыкчылыгында жүргүзөт, инсандын ден соолугун сактоону камсыздайт, анын ар тараптан өнүгүүсүнө шарт түзөт.
Билим берүүчүлүк максаты:
Педагогикалык жамааттын кесиптик денгээлин өнүктүрүү, жамаатташып, ынтымакта жана жемиштүү иштөөгө үндөө.
а)өспүрүмдөрдү мектептеги коомдук иштер менен камсыздоо
б)коомдо бала өз жашоосун өзү жөндөй ала турган жеке өзгөчөлүгүн өстүрүү
в)жоопкерчиликтүү өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо
г)окуучуларды өз оюн тайманбай жеткиликтүү айтууга, оратордук искуствого, мекенчилдикке үйрөтүү.
Мектептин миссиясы, максатынын аткарылышы педагогикалык кеӊешмеде, директор алдындагы кеӊешмеде, усулдук бирикмеде, камкорчулар кеӊеши менен макулдашылып, жыйынтык чыгарылат.
Билим Берүү жараянында зарыл болгон бардык иш кагаздар жыл башында иштелип чыгып, айыл өкмөт башчысы менен макулдашылган. Камкорчулар кенеши 2021-2022- окуу жылынан баштап иш алып барып келет. Окуу жылынын башында түзүлүүчү окуу тарбия иштерин жакшыртуунун планын түзүү менен бирге мектепти өнүктүрүү планы, инновация багытындагы жаш мугалимдердин стратегиялык иш пландары иштелип чыгып, бекиттирилген.
Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу жана жооптуу адамдардын/түзүмдөрдүн болушу
Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүү уюмунун көзөмөлчүлүк кенеши жөнүндө типтүү жобонун негизинде мектепте көзөмөлчүлүк кенеш уюштурулган. Көзөмөлчүлүк кенеш типтуу жобого ылайык иш алып барат.
Персоналдын жана окуучулардын жүрүм-турумунун бекитилген этикалык ченемдеринин болушу, аларды сактоо (билим берүүнүн жана инсандын, маданий көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын колдоочу уюштуруучулук маданияттын калыптангандыгы)
Жааматтык келишимдин негизинде эмгек жааматынын кесиптик жүрүм-турум ченемдери кабыл алынган. Анда негизги моралдык, адеп- ахлактык жүрүм-турум нормалары жана коомдук жайларда өзүн алып жүрүүсү, социалдык жүрүм- турум эрежеси , мурунтан келе жаткан мектептин кадыр-баркын көтөрүү салтын улантуу жана кийинки муунга өткөрүп берүү каралган.
Окуучулар үчүн коомдук жайларда, мектепте өзүн-өзү алып жүрүүчү жүрүм-турум эрежелеринин нормалары да кабыл алынган . Мектеп ичинде, класстык чогулуштарда, өзүн-өзү башкаруу уюмунун чогулуштарында ички эрежелер каралат.
Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү механизмдеринин жана жол-жоболорунун болушу
Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:
Предметтик мугалимдер, класс жетекчилер тарабынан
SWOD анализдер жүргүзүлөт
Усулдук бирикменин жетекчилери усулдук бирикменин ишмердүүлүгүнүнө SWOD анализ түзөт.
Окуу- тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана тарбия иштеринин
уюштуруучусу мектептин ишмердүүлүгүнүнө SWOD анализ түзөт.
Анализдердин, маалыматтардын жыйынтыктары директор алдындагы кенешмеде жана педагогикалык кенеште угулат.
Ар тараптуу анализдердин жыйынтыгы менен мектептин иш планына өзгөртүү, түзөтүүлөр киргизилет.
Артыкчылык аттестатка жана ЖРТнын жыйынтыгы менен «Алтын сертификатка » жетишүү , предметтик олимпиаданын областык, республикалык турларынан орун алуу пландалган, бирок ишке ашкан жок. Ошол себептүү мугалимдердин ишин дагы да
жандандыруу, жөндөмдүү окуучулар менен иш алып баруу педагогикалык консилиумдар жана окуучулар менен үзгүлтүксүз иш алып баруу уюштурулууда.
Кызыкдар тараптарды тартуу менен чечимдерди кабыл алуунун жана тиешелүү оңдоолорду киргизүүнүн колдонуудагы механизмдеринин болушу
Билим берүү уюмунда билим сапатын жакшыртуу процессине мугалимдер, окуучулар, ата-энелер, администрация,
коомчулук кызыктар болушту.
Мектептин педагогикалык жамааты окуучуларга сапатуу
билим жана тарбия берүүгө аракет кылышты:
Билим берүүдө мамлекеттик стандарттын талаптарын
эффективдүү ишке ашырышты.
Мугалимдердин чыгармачылык өнүгүүсүнө жана инновациялык технологияларды колдонууга
шарттар түзүлүп берилди;
Мектеп ичинде башкаруу системасынын ишин жакшыртуу;
Билим берүү процессинде кадр саясатын оптималдаштыруу;
Мектепте мугалимдер арасында атаандаштык менен иш алып барууну жогорулатуу;
Мектепти башкарууга коомчулукту тартуу;
Мектепте билим сапатын жакшыртуучу негизги факторлор:
Билим сапатын жакшыртууда усулдук иштер негизги ролдуойнойт. Алар:
Усулдук кенеш
Педагогикалык кенеш
Педагогикалык окуу
Алдынкы тажрыйбаны жайылтуу
Усулдук бирикмелердин отурумдары
Насаатчылык
Усулдук семинарлар
Усулдук бирикмелердин декадалары
Мастер-класстар
Жумалыктар
Өз ара сабакка катышуу.
Мектепте билим сапатын баалоо төмөнкү критерийлердин негизинде жүргүзүлөт:
Административдик тесттер
Билим берүүнүн сапаты (Класс жетекчилердин чейректик
отчеттору, предметтик олимпиадалардын жыйынтыктары, мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоонун
жыйынтыктары) Мугалимдерин жетишкендиктери Ресурстук камсыздоонун сапаты (кадрлар менен камсыз болушу, материалдык- техникалык базанын чындалышы, усулдук китептер) Уставдын негизинде администрациянын кызматтык милдеттердин натыйжалуу иш жүргүзүүсүн уюштуруу.
Билим берүүнү башкаруунун колдонуудагы маалыматтык системасынын, веб-сайттын, электрондук почтанын болушу
Билим берүүнү башкарууну колдонууда маалыматтык системалар бар. «Кыргыз телеком» интернеттери туташтырылган. Интернет 14 компьютерге туташылган, мындан сырткары ар бир мугалимдин өзүнүн менчик ноутбук жана компьютерлери вай-файга
туташтырылып, жекече электрондук даректери ачылып, иш алып барышат. Мугалимдер «Edupage» программасы менен иш алып барат. «Edupage», «Жаны китеп» , «ИСУО» программасына маалыматтар киргизилген окуучулар, ата- энелер менен — ZOOM ,Classroom, Goolge сервистери, Whatsapp жана Telegramm соц тармактары аркылуу кайтарым
байланыш жүргүзүшөт.
«Lib.kg», Балажан, «Ilim Bilim bulagu», “infourok” сайттарын колдонуу
менен күндөлүк планды пландап, сабактарда пайдаланышат. Өз билимдерин өркүндөтүү үчүн онлайн курстарга катталышып, маалымат
булактарынан керектүү маалыматтарды, тесттердин жыйнактарын,
методикалык китептерди, окуу китептерди алып пайдаланышат ар кандай сайттарга катталышып, сынактарга катышышып, тесттерден өтүп турушат.
электрондук дареги бар.
Педагогикалык, административдик, окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналды жумушка алуунун (жумуштан бошотуунун) объективдүү критерийлерин жана шарттарын камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу
1.Педагогикалык ишке жогорку билими диплом менен тастыкталган жана атайын орто билими бар диплом менен тастыкталган квалификациясы бар, компетенттүү адистер ишке алынат. Мектептин мугалимдер жамаатынын толукталышы Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинде жана анын уставында бекитилет.
Ар бир окуу жылынын башында педагогикалык жамаат, окуутучу- көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналдар мед кароодон өтүшүп, медициналык китепчелерге ишке жарамдуулугу тууралуу уруксаат
берилгенден кийин ишке кабыл алынат.
Атайын түзүлгөн графиктин негизинде мугалимдер өз билимин
жогорулатуучу курстардан өтүп турушат.
Педагогикалык ишке соттолгон, медициналык жактан ишке жарамсыз жаран кабыл алынбайт. Мугалимдердин эмгек келишими Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин №55 беренесинин негизинде түзүлөт. Педагогикалык окуу жүктөмүнүн көлөмү базистик окуу планына ылайык жана педагогикалык кадрлардын толукталышына ылайык бөлүштүрүлөт.
Мектепте 62 мугалим эмгектенет. Алардын ичинен 37 класс жетекчи , 1 соц педагог, 1 уюштуруучу иштейт. Жаш мугалим 2, пенсиядагы мугалимдер 19. Мектепте медициналык кызматкерлер, психологдор, логопеддер жок. Учурда иштеп жаткан мугалимдердин ичинен «Билим берүүнүн мыктысы» — 9 мугалим. «Профсоюздун отличниги» — 4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин грамотасы менен 5 мугалим сыйланган.
Штаттардын комплекттелишинин, педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү
Базистик окуу планынын жана нормативдик
ченемдердин негизинде класс комплектиси бекитилди. Мугалимдердин жумалык жүктөмү бөлүштүрүлүп жана такталып штаттык расписание түзүлөт.
Штаттык расписаниенин негизинде мугалимдер тарификациядан өткөрүлөт.
Педагогикалык жааматтын квалификациясы жана билими, билим берүү программасына шайкеш келет.
Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу
Ар бир мугалим өз убагында Каракол шаарындагы ОИУнун түзүлгөн графиги боюнча квалификациясын жогорулатуу үчүн курстан өтүп турушат. Андан сырткары райондо өтүлүүчү семинарларга, тренингдерге, мастер-класстарга катышып турушат. Мектептин ичинде декадалар, ачык сабактар, Мастер-класстар, тегерек столдорду өткөзүп турушат жана насаатчылар жаш мугалимдер менен иш алып барышат. Тажрыйба алмашуу максатында мугалимдер өз ара сабакка катышышат.
Насаатчы менен жаш мугалимдердин иштоо планы
Педагогикалык, административдик, кенже тейлөөчү жана окутуучу-көмөкчү персоналдын ишин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу
Мугалимдерди жана кенже тейлөөчү персоналдын ишин баалоону жана анын жыйынтыгы боюнча чечимдерпедагогикалык кенеште жана өндүрүштүк чогулушта каралат: Анда төмөндөгүдөй критерийлерди эске алуу менен сыйлыкка көргөзүлөт:
Олимпиаданын жыйынтыгы;
ЖРТнын жыйынтыгы
Окуучулардын жетишкендиктери;
Окуу- тарбия иштеринде ар кандай кароо- сынактарга
катышуунун жыйынтыгы;
Административдик талаптардын аткарылуусу;
Административдик эскертүүлөрдү албагандыгы;
Спорттук иш- чараларга катышуусу;
Коомдук иштерге катышуусу;
Аткаруучулук тартиби
Райондук, областык семинарларда, усулдук бирикменин декадаларында, инновациялык мектеп катарында торчо мектептерге өтүлгөн семинарларда ачык сабактардын жогорку денгээлде өтүшү;
Класс жетекчилик чеберчилиги.
Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)
Профилактикалык кенеш
Профсоюздук кенеш
Балдар кенеши
Кыздар кенеши
Өндүрүштүк чогулуш
ϴрт коопсуздугун сактоо боюнча атайын иштелип чыккан №1 Пед кеңешмеде бекитилген, баштапкы профсоюз уюму менен макулдашылган кɵрсɵтмүнүн негизинде иш алып барылат. Мектепте өзгɵчɵ кырдаал учурунда пайдалануучу эвакуациянны планы Түп райондук ϴКМнын башчысы Б. Казакбаев менен макулдашылып, директор тарабынан бекитилген.Эмгекти коргоо боюнча докладдар окулат. Окуу-семинарлары уюштурулуп, инструктаж ɵткɵрүлɵт. Класстык бɵлмɵлɵрдɵ коопсуздук эрежелеринин кɵрсɵтмɵлɵрү жана класстык бɵлмɵнүн температурасын ченɵɵчү термометрлер илинген.
Окуу кабинеттеринин жана башка кабинеттер санитардык – гигиеналык талаптарга жооп берет. Окуу процессин уюштурууда техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча профсоюз комитети менен макулдашылган. Ар бир класста термометрлер илинген. Мектепте коопсуздукту сактоо боюнча жооптуу адамдар бекитилген Окуучулар өзүлөрүн мектептин эрежелерине ылайык үлгүлүү алып жүрүшөт. Окуучулар арасында техникалык коопсуздук эрежелерин сактап, өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча дене тарбия жана аскерге чейинки даярдоо мугалими Кендирбаев М.Ж “Куткаруучулар ”, тобун түзүп, машыгууларды өткөрүп турат. Башталгыч жана жогорку класстарда өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча сабактар өтүлүп, окуучуларга кеңири түшүнүктөр берилип турат. Окуучулар өзгөчө кырдаалдар учурунда кайсы номерге кайрыла тургандыгын билишет.
Купуя кутучадагы маалыматтарды каттоо журналы
Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу
2017-2018 окуу жылында башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берилүү менен башталгыч корпустун имаратына суу киргизилип, ашканага керектүү каражаттар; нан бышыруучу шкаф, электроплитка,камыр жууручу машинка, жашылча тууроочу машиналар Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан сатылып алынган. Мындан тышкары АБР тарабынан физика, химия, биология, география окуу кабинеттери жана лабараториялык кабинеттер жаны типте жасалгаланып, лабараториялык керектелүүчү каражаттар алынып келинди.
2020-2021-окуу жылында Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан
1-корпустун фойесинин актовый залын оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн 1.516 млн. сом бөлүнүп, ремонт толугу менен жүргүзүлдү. Андан сырткары башталгыч класстардын корпусунун чатырын алмаштыруу жана фасадын оңдоо, брусчатка төшөө үчүн 3.088 млн. сом дем берүүчү грант утуп алып, оңдоо иштери толугу менен жасалды. Мектептин 100 жылдыгына карата 3 класс кабинет жана 1-этаждагы оң тараптагы файе мектептин көрүнүктүү мугалимдеринин атын ыйгаруу менен ремонт иштери жүргүзүлдү. Ар бир кабинетке болжол менен 40 000 сомдон сарпталды. Ошондой эле башталгыч класстын бир классына жеке демөөрчү Жумабековдор тарабынан 90 000 сомго парта, стул, доска, мугалимдин стол, стулу белекке берилди.
2021-2022- окуу жылында мектеп 3286000 сом өлчөмүндө Стимгрант (дем берүүчү) утуп алган. Бул акчага мектептин биринчи корпусунун экинчи кабатындагы фойелери шыптары менен жана директордун иш бөлмөсү жасалды.Мындан сырткары мектептин кире беришине кошумча брусчатка төшөлүп, 12 скамейка коюлду. Ушул эле Стимгрант менен 10 очколуу даараткана жасалды.
Ошондой эле Билим Берүү Министрлигинин 1200 мектепти компьютер менен жабдуу программасынын негизинде мектепке 15 компьютердик стол жана стул келди.
Айылдагы демөөрчүлөр тарабынан( 2001-2002 окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү): 2-корпустун кире беришине 140000 сомго чатыр жасашты. Ошондой эле демөөрчүлөр тарабынан (2011-2012) окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү) 47000 сомго экинчи корпуска видео көзөмөл коюшту.
https://elebaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/472/2022/10/sport-kiyimderi.pdf
https://elebaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/472/2022/10/mekteptin-aylanasy.pdf
Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасы
Мектептин бюджеттик чыгашаларынын сметасын пландоо
Мектептин эмгек акы фонду боюнча чыгашаларын пландоо
Мектеп окуучуларынын тамактануусуна чыгашаларды пландоо
Мектептин калган чыгашаларын (командировкалык, окуу чыгымдары, утурумдук ремонт) пландоо
Жергиликтүү бюджет
Мектеп бюджети (Көзөмөлчүлүк кенеш)
Долбоорлорду жазуу, катышуу;
Сметаларды түзүү;
Демөөрчүлөрдү тартуу;
Көзөмөлчүлүк кенештин отурумдары, протоколдору;
Сметаларды түзүү;
Бюджеттик угууларды уюштуруу
Түшкөн жана сарпталган каражаттар боюнча квартал сайын мектептин жалпы чогулушунда каралат;
Тиешелүү стенддерди түзүү,
Бюджеттик каражаттарды чыгашалоо актылары
Кошумча финансы ресурстарын тартуу, бөлүштүрүү жана отчеттуулук боюнча ачык-айкын механизмдердин болушу
Долбоорлорду жазуу, катышуу;
Кайрылууларды жазуу;
Коомчулукту тартуу;
Мектептин өнүгүү планын түзүү;
Мониторинг жүргүзүү;
Муктаждыктарды аныктоо;
Бюджеттик угууларга катышуу жана көйгөйлөрдү сунуштоо;
Мектептин чыгашалары боюнча сметаларды түзүү;
Отчет берүү
Финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу