М.Элебаев атындагы орто мектеби Туп району
  • Меню
  • Мектеп
    • Биз жөнүндө
    • Кызматкерлер
    • Сыймыктанабыз
    • Окуу-тарбиялык иштер
    • Усулдук кызматы
    • Маалыматтык — китепкана кызматы
    • Социалдык-психологиялык кызмат
  • Жаңылыктар
  • Окуучуларга
    • Мектептин окуучуларынын кеңеши
    • Сабактардын жүгүртмѳсү
    • Ийримдер жана секциялар
    • Пайдалуу маалыматтар
  • Ата-энелерге
    • Ата-энелер үчүн маалымат
    • Ички тартиби
    • Мектепке кабыл алуу жөнүндө
    • Мектептин формасы
    • Коомдук бирикме / фонддор
  • Камкорчулук кеңеш
  • Галерея
  • Аккредитация
  • Байланышуу
КыргызскийРусский
  • Мектеп
    • Биз жөнүндө
    • Кызматкерлер
    • Сыймыктанабыз
    • Окуу-тарбиялык иштер
    • Усулдук кызматы
    • Маалыматтык — китепкана кызматы
    • Социалдык-психологиялык кызмат
  • Жаңылыктар
  • Окуучуларга
    • Мектептин окуучуларынын кеңеши
    • Сабактардын жүгүртмѳсү
    • Ийримдер жана секциялар
    • Пайдалуу маалыматтар
  • Ата-энелерге
    • Ата-энелер үчүн маалымат
    • Ички тартиби
    • Мектепке кабыл алуу жөнүндө
    • Мектептин формасы
    • Коомдук бирикме / фонддор
  • Камкорчулук кеңеш
  • Галерея
  • Аккредитация
  • Байланышуу
  • Главная
  • Новости

БИРИНЧИ СЕНТЯБРЬ – БИЛИМ КҮНҮ!

Кымбаттуу окуучулар! Урматтуу ата-энелер, кесиптештер жана майрамдын коноктору!Мен чын жүрөктөн баардыгыңыздарды 1-сентябрь майрамыңыздар менен куттуктайм!Бул жаңы окуу жылынын башталышы, билим үчүн, эң жакшы баалар үчүн, ишенимдүү достор үчүн,  жаңы бийиктиктерди багындыруу үчүн күрөштүн башталышы!

1-сентябрь — бүгүн биринчи класс болгон балдардын жашоосундагы жаңы этаптын башталышы. Биринчи сентябрь – Билим  күнү! Мектеп дүйнөсүнө кош келиңиздер! Билимдердин жана ачылыштардын бул укмуштуу дүйнөсү менен тайманбай таанышыңыздар! Биринчи мугалим жана жарык мектептин классы сиздерди күтүп жатат! Сабактар жадатма эмес, китептер – кызыктуу, ал эми мектептеги достук бекем болсун!

1-сентябрь бүтүрүүчүлөр үчүн  – алардын жашоосундагы акыркы 1- сентябрь. Кымбаттуу 11-класстар! Эске алгыла, силердин мындан аркы тагдырыңар  силердин колуңарда! Өзүнөрдүн келечектеги жеңишиңер үчүн бекем фундамент куйгула. Ушул жылы силер профессияңарды тандап, ЖРТ тапшырып, ЖОЖго өтүүнөр керек. Умтулгула – силердин колуңардан баары келет!

Урматтуу өзүнүн баласын толкундануу менен мектепке узаткан ата-энелер, чоң эне, чоң аталар! Силерди да майрамыңар менен куттуктайм! Балдарыңар силерди бат-баттан кубандырып турсун, жана силерге сабырдуулук каалайм. Силерде дайыма балдарга көнүл бөлүүгө убакыт, мээрим, суйүү жана энергия болуп турсун!

Бүгүн мугалимдерге ыраазычылыктын жылуу сөздөрүн айткым келет. Силер окуучуларга илимдерди таанууга жардам бересиңер, жаңы түшүнүктөрдү ачасыңар, түшүнүксүз нерселерди түшүндүрөсүңөр. Силер принципиалдуулуктун жана сезимталдуулуктун үлгүсүсүңөр, силердин талантыңар, чыдамдуулугуңар, жоопкерчилигиңер – ийгиликтүү окутуунун шарттары! Сиздердин алдыңыздарда жаңы пландар, жаңы ийгиликтер жана жетишкендиктер болсун! Ден-соолук сиздерге!

Биздин гимназия жаңы окуу жылына даяр. Бүгүн биздин гимназиянын меймандос ачылган босогосун аттаган баардыгыңыздарга ийгиликтерди каалайм!

Поделиться

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий
Читайте также
№3 Метод бирикменин жумалыгына кош келиңиздер!!!
15.02.2023 0 8
04.04.2022 0 80
Мугалимдер күнү менен!
25.01.2021 0 141
Улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун туулган күнү
25.01.2021 0 137
"Манас күнүнө" арналган иш чаралар
25.01.2021 0 110
    • Админ-панель
    • Образование за рубежом

    +996 (XXX) XXXXXXX

    Ысык-Көл облусу, Түп району, Талды-Суу айылы, көчө. Усупбеков, 26.

    © 2023 – М.Элебаев атындагы орто мектеби Сайт разработан и поддерживается EDUGATE